Коом

Москвада мейманкада өрт чыгып, 8 адам каза болду — арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москванын түштүгүндөгү мейманканада чыккан өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары бар же жок экенин тактап жатат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июлдан 29-июлга караган түнү Москванын түштүгүндө мейманканадан ири өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, төртөө жабыркаган.

“Учурда Россиянын укук коргоо органдары тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери, ошондой эле каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү такталууда. Белгиленгендей, алардын өздүгүн тастыктаган документтер күйүп кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкери өрт чыккан жерде кыргыз жарандары бар-жоктугун тактоо үчүн жеринде жүрөт. Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button