Коом

Ижарага алган 218 миң долларлык самосвалдарды сатып жиберген шектүү кармалды

Чүйдө ижарага алган 218 миң долларлык самосвалдарды 90 миң АКШ долларына сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда «Сбербанк Лизинг» компаниясынын жумушчулары милицияга арыз жазышкан. Анда 2023-жылдын 28-сентябрында 218 миң АКШ доллар турган эки самосвалга ижара келишимин түзүп, Орусиядан Кыргызстандын аймагына алып чыккан.

Келишимге ылайык, 2024-жылдын 16-январынан кечиктирилбестен Орусияга кайра алып келиши керек болчу. Бирок 2024-жылдын июлунда самосвалдарда орнотулган автономдуу ыкчам-издөө маяктарын өчүрүп, ар бир самосвалды 45 000 АКШ долларына сатып жиберген.Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 1982-жылы туулган жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан сатылган самосвалдар алынып, буюм далили катары табылып, адистештирилген унаа токтотуучу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button