Коом
Түптө 13 жаштагы өспүрүм асынып алган

Милициянын маалыматы боюнча, 26-февралда Түп РИИБге Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
«2012-жылы туулган бала 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында шпагат жипке асынып каза болгон. Окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин сырткы кароо учурунда, мойнундагы асылган жиптин изинен башка эч кандай жарааттар аныкталган эмес», — деп айтылат малыматта.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатат.



