Коом

Жоокерди сабаган ефрейтор кармалды

Жалал-Абадда жоокерди сабаган ефрейтор кармалганын Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Күзөт жана коштоо департаментинин келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерине Кылмыш-жаза кодексинин «Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу» беренеси менен айып коюлууда.

Ефрейтор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган окуя 2-сентябрга караган түнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы №5 батальонунда болгон. Ефрейтор нөөмөттө турган катардагы жоокерди ур-токмокко алган видео тараган.

Окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасынан медициналык кароодон өтүшкөн. Кечээ күнү Акыйкатчы институту тараткан маалыматта ефрейтордун канынан алкоголь табылып, сабалган жоокерге жеңил жаракат алган деген диагноз коюлганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button