Мурдагы билим берүү министри 12 жылдык окуунун артыкчылыктарын тизмектеди

Мурдагы билим берүү министри, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мектептерде 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын тизмектеди
Каныбек Иманалиев төмөнкүлөрдү белгиледи:
1. 12 жылдыкка өткөндө ЖОЖдорго окуу 4 жылдык эмес 3 жылга азаят, демек бир жыл эрте бүтөт.
2. Колледждер 3 жылдан 2 жылга кыскарышы керек.
3. 12 жылдыкка өткөндө көбү 10 жылдан кийин эле кесип тандоого өтүп, лицейлер, орто кесиптик окуу жайларга өткөндөр көбөйөт, демек баары эле сөссүз түрдө 12 жыл окуй бербейт.
4. Балдарыбыз 7 жашка караганда мектепке 6 жашында барса сабакты өздөштүрүүсү тезирээк жана сапаттуу болоору эбак аныкталган.
5. 12 жылдыкка өтүү — бул дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашуу болуп эсептелинет.
6. Сапаттуу билим берүү жана 12 жылдыкка өтүү экөө эки башка маселе



