Коом

Депутат Камила Талиева Ысык-Көлдөгү мектепте 15 окуучудан кургак учук аныкталганын айтты

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу деген айылда Чынтемир Осмонов атындагы мектептеги окуучулардан кургак учук аныкталган.

Бул тууралуу ата-энелерден кат келип түшкөнүн депутат Камила Талиева парламентте билдирди.

Анын айтымында, балдар жыл сайын Чолпон-Атадагы санаторийде дарыланып жатат.

«Былтыр 5-6 бала 9 ай дарыланууга жаткан экен. Быйыл 15 бала ооруп калды деп ата-энелерден кат келип жатат. Мектеп авариялык абалда, сыз, полдору чириген. Билим берүү министрлиги ушуну карашы керек», — деди Талиева.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button