Коом
Бишкектин четине «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратынын курулушу башталды

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев ал ордо калаадагы бардык ири Калкты тейлөө борборлорун жана Мамлекеттик персонификациялоо мекемесин бириктирген борбор болорун белгилеген.
Жаңы комплекс мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү санариптик чечимдердин флагманы болору айтылды.
7 кабаттуу, 4 блоктон турган имаратта калкты тейлөө борборлору (ЦОН), кеңселер, архивдик жайлар, 252 орундуу унаа токтотуучу жай жана башка заманбап инфраструктуралар орун алат. Борбор күнүнө 5000ге чейин адамды тейлейт.
@abal-kg



