Коом
“Манас” аэропортунда реконструкция башталды

Аэровокзалдык комплекс дээрлик 50%га кеңейип, катталуучу жерлердин саны көбөйүп, күтүү, эс алуу жана тамактануу үчүн кенен зоналар пайда болот.
Ошондой эле аэропортто заманбап skywalk — негизги имараттарды бириктирген жабык өтмөк курулат. Коридор жүргүнчүлөрдү аба ырайынын ар кандай шарттарынан коргоп, терминалдар арасында ылдам жүрүүгө мүмкүндүк берет.



