Улуттук гвардияда аскердик милдетин өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер сабалып, бөйрөгү жанчылып, ооруканада дарыланууда

18 жаштагы Эриктин Караколдон келгенине 1,5 ай гана болгон. Ал 15-ноябрь күнү сабалып, кан аралаш заара кылып калганын айтты.
«Ротага кирип тизилип атып сержантты карап жиберсем «түз тура албай атасыңбы» деди. «Никак нет» десем эле «керсеесиң го» деп кийим сактаган жерге алып кирип «жат» деди. Жаман оюм жок жатсам, төш жакка тепкенде көзүм караңгылай түштү. Дагы 2-3 жолу тээп чыгарып жиберди. Эртеси эле ооруп баштадым. Шайым кетип, ажатканага барып сийсем кан чыкты. Ишемби күнү уборкага барып эптеп кыймылдап жүрсөм дагы бир сержант ачкыч сурап, ал дагы чаап, тепкен», — деген Эрик.
Ал мындай көрүнүш көп эле кайталанып, башка да жоокерлер таяк жеп жүргөнүн айтты. Алгач ал Кой-таштагы ооруканага жатып, Улуттук госпиталга 22-ноябрда түшкөн.
Жоокердин апасынын айтымында, Эрик 7 бир туугандын улуусу. Уулу аскердик кызмат өтөөгө медициналык текшерүүнүн бардыгынан өтүп түшкөн. Буга чейин андан сержант, командирлер кечирим сурап келишкен. Бирок эне баласынын ден соолугун ким кайтарып берет деп сарсанаа.
Жоокерге «курч гломеруонефрит, нефрологиялык синдром» деген диагноз коюлган.
Башкы прокуратура иш аскердик прокурордун жеке көзөмөлүнө өткөнүн, күнөөлүүлөр жазасын аларын кабарлаган.



