Коом
ЖК депутаты Финансы министрлигинин 50 кызматкерине Түркияда эс алууга жолдомо белек кылды

Бул тууралуу ведомство соцтармактагы баракчасында билдирген. Чыңгыз Ажибаев 2 кишилик 50 эс алуу сертификатын кызматкерлерге “мотивация” үчүн берген.
Сертификат 7 күн, 6 түнгө ылайыкталган. 4-5 жылдыздуу мейманкана, аэрпорттон тосуп алуу, эртең мененки тамак, Анталия, Памуккале, Каппадокия шаарларына экскурсия, оюн-зоок программасы каралган.



