Адамдын төбө чачын тик тургузган, азыр да өкүм сүргөн беш салт (фото)
Азыркы учурда биздин планетанын миллиондогон кишилери өз жашоолорун гаджеттер, компьютерлер жана башка техникалык жетишкендиктерсиз элестете албаган заманда, дүйнө жүзүндө цивилизациялашкан ар бир адамдын төбө чачын тик тургузган, үрөй учуруучу ырым-жырымдарды, салттарды сактаган элдер бар.

Маркумду өрттөп, күлүн бананга кошуп жеген эл
Амазонканын жунглисинде жашаган Яномамо уруусу каза тапкан туугандарын өрттөп туруп, күлүн бананга эзип жеп коюшат. Анткени, алар өлүмдү табигый көрүнүш катары эсептешпейт, андыктан бир туугандарынын жаны өзүлөрү менен кошо жашаш үчүн ушундай ритуалды жасашат.

Тешилген бет
Дүйнөлүк туризмдин чордондорунун бири болгон Таиланддын Пхукет аралында жыл сайын Вегетариандардын фестивалы өтөт. Бул фестивалда адамдын үрөйүн учурган салтка орун берилген. Фестивалдын учурунда анын катышуучулары беттерин найза, бычак жана илмек менен теше сайышып, бир тарабынан экинчи тарабына өткөрүшөт. Транска түшүп турган ушундай абалда, алардын дене-боюн арбактар жамандыктан сактап, ийгилик алып келет ишенишет.

Маркум менен бий бийлөө
Азыркы жаш муун үчүн өтө атактуу болгон Мадагаскар аралында адамдын үрөйүн учурган “Фамадихан бийи” деген ритуал өткөрүлөт. Бул ритуалдын катышуучулары өзүлөрүнүн каза тапкан туугандарынын сөөктөрүн бейиттен казып алышып, алардын эти сөөгүнө жабышып катып калган денеси менен мүрзөсүнүн тегерегинде бий бийлешет. Алар маркум болгондор өздөрүнүн денеси менен коштошмоюнча тиги дүйнөгө бара алышпайт деп ишенишет.

Жылаңаяк чоктун үстү менен басуу
Азиянын экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болгон Малайзияда тогуз кудайга-императорлого багышталган өтө кызыктай фестиваль өтөт. Бул фестивалдын ырым-жырымынын бирөө – от менен тазаруу. Фестивалдын катышуучулары жылаңаяк кыпкызыл болуп күйүп турган чоктун үстү менен басып өтүшөт. Оттун пири жин-перилерди кууп, адамга күч-кубат тартуулап, көптөгөн кеселдерден тазартат деп эсептешет.

Жүзүм менен мунаранын башынан ылдый секирүү
Бул ритуал өмүр үчүн өт эле коркунучтуу. Муну Тынч океандын аралдарынын бирине жайгашкан Бунлап деген кыштактын эли жасашат. Бул салт үчүн атайын жыгачтан бийик мунара курушат. Кыштактын эли барабандардын коштоосунда, өздөрүн унутканга чейинки абалда шалкылдап бийлеп жатышканда, ритуалдын эң негизги катышуучулары кызыл ашыгынын жогору жагынан жүзүмдүн сабагынан эшилген жип менен катуу байлап туруп, мунаранын үстүнөн ылдыйды көздөй секиришет.




