Коом

УКМК: Өзбекстандын жараны баңгизат алып өтүү аракети үчүн кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык баңги кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды.

Тактап айтканда, 1997-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны Д.Ж.Н. Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды. Ошентип, кезектеги 1 кг «гашиш» баңгизатын өткөрүп берүү аракетинде кармалды.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан Республикасынын жараны Д.Ж.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button