ВИДЕО: Алай шайлоо округу боюнча 4 талапкер бийликке чукул кайрылуу жасап, Улан Примовго чара колдонуусун суранышты

№ 11 бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкерлер Замирбек Бөжөнов, Дайырбек Орунбеков, Бакытбек Саипов, Улукмырза Тоотаев биригип, укук коргоо органдарына чукул кайрылуу жасашты.
Укук коргоо органдарына кайрылуу жасаган талапкерлер былтыркы өткөн парламенттик шайлоодо бийликтин партиялары, айрым партиялар добушту массалык түрдө сатып алуулар болуп, бийликтин администрацияык ресурстары колдонулгандыгынын айынан Жогорку Кеңешке болгон шайлоо жокко чыгарылып, натыйжада президентке чейин алмашылды дейт.
Азыркы бийликтин берген убадасы боюнча Жогорку Кенешке шайлоо таза, акыйкат, адилеттүү өтөт деп президенттин айтканына ишенип, элдин атынан чыккан талапкерлер бирибиз да мыйзам бузбай, добуш сатып алууга аракет кылбай, өз аракетибиз менен эл менен жолугушуу уюштуруп, программаларыбызды айтып жүрөбүз. Бирок, Алай округунан чыккан Улан Примовдон зор мыйзам бузуулар катталып жатат. Ага эч кандай мыйзам чегинде чара көрүлбөй жатат,”- деп нааразычылыктарын билдиришкен.
Бул шилтемедеги видеодон талапкерлердин кайрылуусун толугу менен көрүңүздөр:



