Коом

ИИМ: милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан милиция кызматкерине карата кызматтык текшерүү дайындалды. Ал кызматкер каза болгон жашы жете элек кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөргө жол берген.

ИИМдин жетекчилиги: кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөндөн кийин  дароо милиция издөө иш-чараларына киришкендигин баса белгилейт.

Ошону менен бирге айрым кызматкердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана ички иштер министрлигинин расмий көз карашын  чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Ички иштер министрлиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул кылмыш иши иликтенип жаткандыгын жана жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button