Окуялар

Ошто окуучу сабалып, ооруканага түштү

Буга чейин Vesti.kg Ош облусунун Ноокат районунда окуучу бала сабалып, ооруканага түшкөнүн жазган.

Андагы маалыматка караганда, Кулатов атындагы мектептин 11-классынын окуучулары массалык мушташ уюштуруп, бирөөнү катуу сабап салышкан. Баланын атасы милицияга арыз жазганын билдирген.

Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришип, 31-март күнү Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен Ош облусунунун Ноокат районунун 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылганын билдирди.Анда ага бейтааныш болгон 4, 5 адам эч себепсиз оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, денесине зыян келтиргендигин билдирген. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге каттоого алынып, Ноокат РИИБге караштуулугу боюнча жиберилген.

«Учурда жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button