Коом

УКМК:  “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалыма борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик ишти түзүү жана каржылоо) кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун 5 активдүү мүчөсү кармалды.

Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылып, алынды.

Кармалгандар “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экенин моюнга алышкан.

Мындан тышкары, алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган. Кармалгандар: 1967-жылы туулган А.О.А., 1973-жылы туулган С.Д.М., 1980-жылы туулган С.А.У., 2000-жылы туулган И.И.И. жана 1979-жылы туулган Ш.Н.С. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

КР УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү жана алардын ишине катышуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button