Коом

Коронавирус. 109 адамдан аныкталып, дагы 4 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 6-сентябрга карата коронавирус дагы 109 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 36,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 31,
Талас облусунда – 2,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 29,
Жалал-Абад облусунда – 5,
Баткен облусу – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 101 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 845 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 109 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 582 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 624 киши айыгып чыкса, 2 миң 554 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button