Коом
Бишкек — Худжанд — Бишкек туруктуу каттамы ачылды

8-апрелде «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек — Худжанд — Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын жүргүнчүлөр менен ийгиликтүү аткарды.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришкендей, үзгүлтүксүз каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. (келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда).
Билеттерди компаниянын asmanairlines.kgрасмий сайтына же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алсаңыздар болот!



