Коом

Милиция кызматкери жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө

Бишкекте эки киши жашы жете элек кыз менен интимдик мамиледе болгон деп шектелүүдө. Алардын бири милиция кызматкери экени айтылды.

Бишкек ШИИБден билдиришкендей, 20 жана 25 жаштагы эки жигит жашы жете элек кыз менен тааныш болуп, ар кайсы убакта мамиледе болгону жана алардын бири ички иштер органдарынын кызматкери экендиги аныкталган.

«Шектүү катары жогоруда аталган адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button