Коом
Ысык-Көлдөгү пансионатта эс алып жүргөн 36 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 1985-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында (1985-ж.т. С. Д.) аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:10дө Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 суучул жана 1 офицер тартылган. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат билдирүүдө.



