Коом

Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен 28 бала жабыркайт. Эл өкүлү нааразычылыгын айтты

Интернетте омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркаган Хамза аттуу бөбөккө каражат чогултуу акциясы кызуу жүрүп, эл аз убакытта золгенсма дарысына 170 миллион сом чогулткан. Анын артынан Аслан жана Байхан аттуу балдарга каражат топтоо уланууда.

ЖКнын комитет жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн илдет тууралуу тиешелүү жооп ала албаганы үчүн адистерди сындады.

«Кыргызфармация» ишканасынын өкүлү Наргиза Тохтасинова Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен 28 бала ооруй турганын, 16 бөбөккө золгенсмадан арзаныраак рисдиплам  препаратын берүүгө көмөк көрсөтүлгөнүн гана айта алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button