Коом
Жалал-Абад Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы туристтик борбору болду

Буга чейин аталган статуска Казакстандын Түркистан шаары ээ болуп келген. Эми ал Жалал-Абад шаарына өтүп, бийлик өкүлдөрүнө жаңы макамды ырастаган символикалык ачкыч салтанаттуу тапшырылды.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Жалал-Абадга жаңы статустун ыйгарылышы аймакты алдыга жылдырууга жол ачарын белгиледи.



