Коом

Памирлик кыргыздардан 17 үй-бүлө Алайга көчүп келет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү Памирден 17 үй-бүлө Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүп келерин билдирди.

Алар көчүп келген соң климатка ыңгайлашуусу, убактылуу жашап туруу үчүн Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы лицей мектебинин имаратына жайгаштырылат.

Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

2021-жылы июль айында Ооганстанда жашаган ондогон кыргыздар “Талибан” кыймылынын чабуулдарынан качып, Тажикстанга жер которууга аргасыз болгонун коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” жаңылыктар агенттиги 14-июлда кабарлады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кабарды тактап жатканын билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берилип жазылган жаңылыкка ылайык, 13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясына караштуу Вахан аймагындагы Андемин кыштагында жашаган 77 кыргыз Тажикстандын Мургаб районуна өтүп келишкен. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял, 31 өспүрүм бар.
Өткөн жылы «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти басып алгандан 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан.

Бирок расмий Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган эле. Кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы кыргыздардын баары эки жылдын ичинде Ала-Тоого көчүрүлүп келерин маалымдаган.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар шарты катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү дээрлик жок Чоң жана Кичи Памир өрөөнүн байырлайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button