Коом
Бишкекте милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, бирөөсүнүн формасын жыртып салган жигиттер кармалды

Окуя 27-апрелге караган түнү клубдардын биринде болгон. Шаардык милициянын айтымында, жигиттер мас абалында коомдук тартипти бузуп, сөгүнүшкөн.
Алар милиционерлердин эскертүүсүнө баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөнү айтылды. Кылмыш иши козголуп, 20 жана 21 жаштагы жигиттер кармалды.
Тартип сакчылар бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөндөргө үч жылдан беш жылга чейин жаза берилерин эскертет.



