Соттук-эксперттик кызмат синтетикалык баңгизаттарга каршы кызматташууда

Соттук-эксперттик кызмат жана Борбор Азиядагы баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-координациялык борбору синтетикалык баңгизаттарга каршы кызматташууда

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматы Борбор Азиядагы баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-координациялык борборунун эл аралык эксперттери — Массимо Барбалья менен Роза Фабианды кабыл алды.
Бул сапар Борбор Азиядагы синтетикалык баңгизаттар менен жаңы психоактивдүү заттардын жайылышынын өсүп жаткан коркунучуна каршы күрөшүү багытында тажрыйба жана билим алмашууга арналды. Борбор Азиядагы баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-координациялык борборунун эксперттери аймактагы учурдагы баңги кырдаалы боюнча талдоолорун сунушташты.

Өз кезегинде, эл аралык эксперттерге Соттук-эксперттик кызматтын баңгизаттарды изилдөө боюнча практикалык иши көрсөтүлдү.
Лабораториялык изилдөөлөр учурунда кесиптештер баңгизаттарды, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттарды, ошондой эле прекурсорлорду аныктоонун эң натыйжалуу ыкмалары тууралуу пикир алмашышты. Айрыкча, Соттук-эксперттик кызматтын адистеринин квалификациясын жогорулатуу маселесине көңүл бурулду, бул мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөштүн натыйжалуулугун камсыздайт. Жолугушуу баңгизаттарга каршы чөйрөдө конструктивдүү диалогду жана тажрыйба алмашууну түзүүгө мүмкүндүк берди.

Белгилей кетсек, эл аралык эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндө синтетикалык баңгизаттар, анын ичинде жаңы психотроптук заттар менен байланышкан жаңы коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн эрте эскертүүчү пилоттук аймактык системаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн баалашты.



