Коом

Кадамжай районунда жаңы милиция бөлүмчөсүнүн курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында “Жаникул Садиров” атындагы милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды. Капсула салуу аземи 2025-жылдын 10-майында өтүп, ага Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурмат Давлетов, Кадамжай РИИБдин башчысы милициянын полковниги Болотбек Кундузов, милициянын ардагерлери жана айыл аксакалдары катышты.
Иш-чарада айыл аксакалы Алчынбай Төралиев сөз сүйлөп, буга чейин мындай шарттар түзүлбөгөнүн белгилеп, ИИМге ыраазычылыгын билдирди.
      
Бул жаңы имараттын курулушу — жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу багытында маанилүү кадам болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button