Коом
УКМК: Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалымактта айтылгандай, 2025-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстан Республикасына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында КР Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды.
Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн КР Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.



