Коом
Жалал-Абадда 800 дөн ашык ипотекалык батирдин ачкычтары тапшырылды

Бүгүн Жалал-Абадда 800 дөн ашык жакын ипотекалык батирдин ачкычтары ээлерине тапшырылды. Батирлерди тапшыруу иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышат.
Буга чейин президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Жалал-Абадда 870тен ашык батирдин ачкычы жашоочуларга тапшырыларын билдирген.
Ошондой эле ал өлкө боюнча 40 миңден ашуун батирдин курулушун 2027-2028-жылдарга толук бүтүрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айткан.



