Коом

МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагыга алмаштырып, кеңейтсе болот

Бирок региондогу үйдү борбор калаадагыга алмаштырууга болбой турганын Садыр Жапаров Жалал-Абадда тапшырылган батирлерди кыдырган маалда билдирди.

ӨКМдин үч балалуу кызматкери эки бөлмө батир алганын уккан өлкө башчы үй ээсине үч бөлмөлүүсүн алса болмоктугун айткан. 

“Жарым, бир жылдан кийин тапшырып, башка үч комнат алсаң болот. «Кеңейтүү» деген программасы бар, баары эске алынган. Бишкекке алмаша албайсың, борбор калаадан региондорго алмашса болот”, — деди Жапаров.

Буга чейин өлкө башчы жарандарды алына карап батир алууну, себеби кийин кеңейтүү мүмкүндүгү болорун айткан.

Тектеш кабарлар

Back to top button