Дүйнө

Түркияда күчү 5,2 баллдык жер титирөө болду

Анкарада күчү 5,2 баллдык жер титирөө болду.

ТАСС маалымдагандай, Түркия өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча, 5,2 баллга жеткен жер титирөө Анкара шаарынын түштүк тарабынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Конья шаарында сезилди. Борбор калаага зилзаладан тараган толкундар барган.

Жер титирөөнүн очогу Кулу калктуу пунктунда жердин 18 чакырым тереңдигинде жайгашканы айтылды.

Зилзаланын терс кесепети катталган жок. Жеринде AFAD адистери текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button