Коом
1-июлдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салынат

Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы билдирип, полиси жок айдоочуларга 3 миң сомдон айып салынарын эскертти. Бир жылдык камсыздандыруу — 1680 сом турат.
ОСАГО ири чыгымдан коргой турчу полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.



