Без рубрики
18 тоннадан оор машиналар күндүз ысыкта өлкө боюнча бардык жолдо жүрө албайт

Транспорт министрлиги аталган чечим жолдорду талкалап албаш үчүн кабыл алынганын белгиледи. Мындай чектөө буга чейин Бишкекте да киргизилген.
Ошондо 19-майдан 1-сентябрга чейин, күндүз (10:00 — 20:00) абанын температурасы 28 градустан жогору болсо, 18 тоннадан ашык жүгү бар машиналар өлкөнүн бардык аймагында жолдо жүрө албайт.
Чектөө төмөнкү жүк ташуучу автоунааларга тиешелүү эмес:
▪️Жүргүнчү ташыган
▪️гуманитардык жардам, тез бузулуучу тамак-ашты жана кооптуу жүктөрдү ташыган
▪️атайын уруксаттын негизинде ири жүктөрдү ташыгандарга
▪️ жол курууга жана оңдоого тартылган автоунааларга (берилген ордер боюнча) тиешелүү эмес.