Банктарды алдамчылыкка каршы чараларды иштеп чыгууга милдеттендирүү сунушталды

Банктарды алдамчылыкка каршы чараларды иштеп чыгууну милдеттендирүү каралууда. Документти Улуттук банк демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Максаты алдамчылыкты алдын алуу экени белгиленген.
Токтом долбоорундагы маанилүү учурлар:
алдамчылыкка каршы система (антифрод системасы) киргизүүгө милдеттендирилет;
алдамчылыкка каршы саясатты иштеп чыгып, директорлор кеңеши тарабынан бектилиши керек;
шектүү опперацияларды банк автоматтык түрдө же түз текшерип, жыйынтыгы боюнча маалыматтарды беш жыл сакташы шарт;
банктарга шектүү операцияларды 30 күнгө чейин токтотуп турууга укук берилет. Ал эми кардарларга мобилдик тиркеме, сайт аркылуу алдамчылык тууралуу билдирүү калтырууну ыңгайлуу кылышы керек;
шылуундукка байланыштуу идентификаторлордун (номер, QR-код жана эсептер) реестрин түзүп, алардан жасалган транзакциялар автоматтык түрдө четке кагылышы зарыл;
алдамчылыкка каршы системанын натыйжалуулугун текшерип, анын жыйынтыгын Улуттук банкка квартал сайын жөнөтүп турушу шарт;
банк тыюу салынган идентификатор менен транзакция жүргүзүп эрежелерди бузса, анда ал кардарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилет.



