Дүйнө

Польшанын жаңы президентинин кызы интернет жылдызына айланды 

Польшанын жаңы шайланган президенти Кароль Навроцкий салтанаттуу сөз сүйлөп жатканда коомчулуктун көңүлүн күтүүсүздөн анын кичүү кызы бурду.

Социалдык тармактарда 8 жаштагы Кася Навроцкая тартылган видеолор миллиондогон көрүүлөрдү топтоду. Видеодон жаңы мамлекет башчысы сөз сүйлөп жатканда ата-энесинин жанында турган кызы күлкүлүү кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, президенттин жубайы Марта Наврокка экөөнүн Антоний, Даниэль, Кася аттуу балдары бар.

Эске салсак, 1-июнда Кароль Навроцкий президенттик шайлоодо 51 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

Тектеш кабарлар

Back to top button