Дүйнө
Американын армиясы 15 миң жоокеринен ажырашы мүмкүн

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө кызмат кылып жаткан 15 миң трансгендерди армиядан кетирүү туурасында жарлык чыгарууга ниетинде.
Times документке Трамп, балким, өзүнүн президенттик мөөнөтү башталганда эле кол коюп коюшу ыктымалдыгын жана ал медициналык көрсөткүчтөрүнөн улам Америка армиясындагы бардык трансгендерлерге тиешелүү болорун жазган.



