Дүйнө

Эверест чокусуна бир сутка ичинде 274 альпинист чыгып рекорд коюшту

Эверест чокусуна бир сутка ичинде 274 альпинист чыгып, бир күндөгү ийгиликтүү көтөрүлүүлөр боюнча жаңы рекорд коюшту.

Reuters билдиргендей, рекорд аба ырайынын ачык болушунун аркасында мүмкүн болду. Непалдын экспедиция операторлор ассоциациясынын башкы катчысы Риши Бхандари бул бир күндө чокуга чыккан адамдардын эң чоң көрсөткүчү экенин айтты.

Эверестке чыгуу:
түштүк тарабынан Непал аркылуу;
түндүк тарабынан Кытай аркылуу мүмкүн.

2026-жылы Непал бийлиги Эверестке чыгуу үчүн 494 уруксат берген. Ар бир уруксаттын баасы 15 миң долларды түзөт. Мындан мурдагы рекорд 2019-жылы коюлуп, анда бир күндө 223 адам чокуга чыккан.

Эвересттин бийиктиги 8848 метрди түзөт. Альпинизм сезону адатта май айынын аягында жыйынтыкталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button