Спорт

Балбан Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту.

Ал армениялык спортчу Арман Андреасян менен беттешип 8:2 эсебинде жеңишке жетти.

Балбандын дүйнө чемпионатынан жалпы жонунан үч медалы бар. Ал 2021-жылы күмүш, 2023-жылы коло, 2025-жылы да коло тагынды.

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Хорватияда өтүп жатат. Балбандар 70 килограмм салмак категориясында кармашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button