Бишкектин айрым жерлеринде газ жана ысык суу токтойт
Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматы боюнча, жаратылыш газы 1976-жылы пайдаланууга берилген жер үстүндөгү орто басымдагы газ түтүгүндөгү эски жабдууларды оңдоп-түзөөгө жана алмаштырууга байланыштуу өчүрүлөт.
«Өчүрүү аянты төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Садырбаев, Л.Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев, Масалиев, «Жал-23», «Ротор» отканасы», — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө төмөнкү даректерге жеткирүүнү токтотууга аргасыз болот:
— «Жал» кичи району;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
— №5 мончо жана кир жуучу комплекс;
— №20 кесиптик лицейи;
— №99 кесиптик лицейи;
— №91- кесиптик лицейи.
Борбор калаанын мэриясы жана «Газпром Кыргызстан» компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана учурда абоненттерден тамак бышыруунун альтернативдүү булактарына өтүүнү өтүнүшөт.



