Коом

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков “Коопсуз шаар-коопсуз өлкө” долбоорунун ишке ашырылышын текшерди

2025-жылдын 11-июнь күнү ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарында “Коопсуз шаар-коопсуз өлкө” долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн текшерүүгө алды.

Анда коомдук жайларда видеобайкоо тутуму жаңыдан орнотулуп, ишке киргизилип жаткан объекттерди текшерди.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды жана жол-транспорттук кырсыктарын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Интеллектуалдык видеобайкоо тутумдарын, анын ичинде авариялык-кооптуу жол тилкелеринде колдонуу жол кырсыктарын алдын алууга жана жол кыймылынын катышуучуларынын тартибин жогорулатууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button