Коом

Өзүн “Басмачы” атап, айдоочуну сөгүп, унаанын айнегин талкалаган шектүү жаран кармалды

23-июнь күнү социалдык тармактарда жаран коомдук тартипти одоно бузуп, сөгүнүп, унаанын айнегин таш менен талкалап, өзүн “Басмачы” атаган   жарандын видеосу тараган.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагынан 1982-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган. Учуруда, тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button