Коом

Бишкек мэриясы автобус чыгарган атамекендик “Белес” компаниясы менен меморандум түздү

Бишкек шаарынын мэриясы менен автобус чыгарган атамекендик “Белес Кей Жи” ЖЧКсы кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, келишимге Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев менен “Белес” компаниясынын директору Мирбек Аскалиев кол койгон.

Меморандумдун алкагында муниципалитет “Белес” чыгарган техниканын сапатын текшерүү максатында газ менен жүргөн беш автобус сатып алууну көздөөдө.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Белес” ЖЧКсына барып, атамекендик өндүрүштү колдоону тапшырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button