Коом
Нарында биринчи жолу 9 кабаттуу, көп батирлүү үйлөр курулуп жатат

Нарын шаарынын Молдоев көчөсүндө 9 кабаттуу төрт кварталдан турган заманбап турак жай комплекси курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришт
Маалыматка ылайык, 216 ыңгайлуу батирлер курулат: 1 бөлмөлүү — 72, 2 бөлмөлүү — 72, 3 бөлмөлүү — 72.
Маалым болгондой, турак жай комплексинин өзүнүн отканасы бар, суу, канализация, электр энергиясы борбордук тармактарга кошулган. Участоктун өзүнүн трансформатордук станциясы (ТП) бар.
Тургундар үчүн оюн аянтчасы жана воркаут зонасы каралган.



