Дүйнө

Ажылык сапарында Өзбекстандын сегиз жараны каза болду

Быйылкы ажылык сапары учурунда Сауд Аравиясында Өзбекстандын сегиз жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Дунё» агенттиги кабарлады,  — деп жазды  ”Кабар” маалымат агенттиги.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө мурдагыдан бери созулма оорулар менен жабыркап келишкен. Бул жылы ажылык ысык мезгилге туура келип, бардык алдын алуу чараларына карабастан, алардын саламаттыгына терс таасир эткен.

Ал эми калган төрт жаран Сауд Аравиясына мыйзамсыз жол менен киргендиктен, расмий медициналык жардам ала албай, биринчи жардам да көрсөтүлгөн эмес.

2025-жылдагы ажылык мезгилинде 15 миңден ашуун өзбекстандык ажыл амалдарын аткарып кайтышты. Зыяратчылардын Сауд Аравияга барышы 13-30-май аралыгында жүргүзүлүп, алардын мекенине кайтуусу 12-29-июнь күндөрү Джидда шаарынан уюштурулган күнүмдүк каттамдар менен ишке ашырылды.

Ажылык маалында 40тан ашык жаран документтерин жоготуп, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылган. Аларга Өзбекстанга кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктөр берилүүдө.

«Өзбекстандын Джидда шаарындагы Башкы консулдугу ажылык мезгилде оор абалга туш болгон жарандарга консулдук жана укуктук жардам көрсөтүүнү улантууда», – деп айтылат расмий билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button