Коом
Ошто күчү 4,5 баллдык жер титирөө катталды

Бүгүн, 8-августта саат 09:58де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун алгачкы маалыматы боюнча, анын очогундагы күчү 4,5 магнитудага жетти.
Жер титирөөнүн күчү Ош шаарында 3 баллга чейин, Ноокат районунда 3 баллга чейин, Кара-Суу районунда 3 баллга чейин сезилди.



