Коом
Өлкөнүн бардык аймактарында жол белгилери жаңыланууда

Өлкөнүн бардык аймактарында эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, Транспорт министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана тарабынан жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 7 227 жол белгиси чыгарылды.
Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актоо сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.



