Коом

ВИДЕО: Альпинист Наталья Наговицынанын турган жеринен жашоонун белгилери табылган жок

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз  кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын буйругу менен генерал-полковник К.К. Ташиев, дагы бир комплекстүү издөө-куткаруу иштери заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын жараны Наталья Игоревна Наговицына 1977-жылдын 20-августунда туулган, 2025-жылдын 13-июлунда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Кыргыз Республикасына келген.

2025-жылдын 12-августунда Победа чокусуна (7439 м) чыгуу учурунда Н.Наговицынанын буту сынып калган. Куткаруу кызматтары тарабынан бир нече жолу эвакуациялоо аракеттери көрүлгөн, бирок алар өтө татаал тоолуу рельефтен жана ыңгайсыз метеорологиялык шарттардан майнап чыккан эмес.

Операциянын алкагында жогорку тактыктагы жабдуулар менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен альпинист турган жерди абадан видеого тартуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, анын ичинде катуу шамалга карабастан, тепловизордун жардамы менен абадан байкоого алынган кадрларды алууга мүмкүн болгон.

Алынган маалыматтарды талдоонун негизинде, факторлордун комплексин, анын ичинде аба ырайынын экстремалдык шарттарын жана жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен альпинист Н.Наговицынанын турган жеринен жашоонун белгилери табылган жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button