Geely компаниясы Кыргызстанда завод ачышы мүмкүн

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жасаган Кытайдагы иш сапарынын алкагында Geely Auto Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда талкууланды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана автоунааларды тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүшкөн. Бул демилгени изилдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлөт.
Ошондой эле Кытайдын бизнес-өкүлдөрү менен жолугушууларда социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-финансы тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Geely Auto Group компаниясынын портфелине Geely, Volvo, Zeekr, Lynk & Co, Polestar, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер кирет. Компаниянын сатуу тармагы дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүн камтыйт.



