Коом

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун уюштурган мыйзамсыз миграциялык каналды аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Борбордук Азиядагы кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана УКМК Чек ара кызматынын айрым таза эмес аскер кызматкерлери тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын аймагындагы мыйзамсыз миграциянын каналына бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 25-августунда жогоруда аталган факты боюнча «А.Э.К.» аттуу  КР жараны кармалды. Ал буга чейин Ош шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунун директорунун жардамчысы кызматын аркалап келген, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү уюшкан кылмыштуу топтор менен туруктуу байланышта болуу менен бирге, «Казак» жана «Дженго» уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрүнүн адвокаты катарында белгилүү болгон.

«А.Э.К.» кылмыштуу байланыштары аркылуу чет өлкөлүк жарандардын КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүсүн уюштуруп, аларды жер которуу жана туруктуу жашаган жай менен камсыз кылган. Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен бирге ич ара бүтүм түзүшүп, өлкөгө мыйзамсыз кирип келген чет элдиктерди КР Чек ара кызматынын каттоо системасына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен каттоодон өткөрүшкөн.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button