Косметологиялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер аныкталды

Ички иштер министрлиги сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди токтотту.
Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Ички иштер министрлигине Telegram мессенжериндеги жабык топтор аркылуу эстетикалык медицинада колдонууга арналган сертификаты жок косметикалык каражаттар жана медициналык буюмдар мыйзамсыз сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен тийиштүү көзөмөлдөн өтпөстөн мыйзамсыз жол менен алынып келингендиги аныкталган.
Бул факты ИИМ тарабынан катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 20-августунда ИИМ кызматкерлери тарабынан 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылып, алынды. Ошондой эле айрым адамдар тарабынан лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок көрсөтүлүп жаткан косметологиялык бөлмөлөр аныкталып, жоюлду.
Тергөөнүн жыйынтыгында төмөнкү жарандар кармалды: 1979-ж.т. З.Р., 1976-ж.т. В.В., 1976-ж.т. Ч.О., 1982-ж.т. Н.А., 1994-ж.т. А.З. жана 1982-ж.т. Л.В.
Алар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.


2025-жылдын 29-августунда аталган кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарындагы пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана колдонууга уруксаты жок ири өлчөмдөгү ушул сыяктуу косметикалык каражаттар табылып, алынган.
Ошондой эле аталган клиниканын дарыгерлеринин бирине карата пластикалык операциядан жабыркаган жарандардан көптөгөн арыздар келип жатат.
Бул кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Бул иш-чара жарандардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоого, ошондой эле косметикалык кызматтар рыногунда мыйзамсыз продукциянын жайылышын алдын алууга багытталган. Алынып алынган каражаттардын саны мыйзамсыз иштин масштабын көрсөтүп турат.
Ички иштер министрлиги бардык жарандарды косметологиялык кызматты тандоодо этият болууга жана адистердин расмий документтерин текшерүүгө чакырат.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.



