Коом

11-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 11-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү жана темир жол линиясы. Буга Алты-Ордо, Кара-Жыгач конуштары  жана Полиция шаарчасы кирет.

«Контррезервуар» суу алуучу жайындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси  ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button